Ээнсиреген эски прокуратура имараты

Чала күйгөн документтердин айрымдары чаң басып жатат.

Имараттын күн батыш ыптасын нарындык Бакыт Чегирткеев аттуу жаран үй кылып жасап алган. Айтымында мэриядан уруксат алган жана имаратка кароолчулук кылат. Бирок калаа бийлиги бул маалыматты тастыктаган жок.

Прокуратура имаратына "ээлик кылгандар" бул жайга селсаяктарды киргизбей кайтарып турарын айтышты.

Баш калка жайга айланган көзөмөл органынын иш бөлмөсү.

Ээнсиреген имарат таштандыга толуп барат. Ичинен ар кандай шишелерди, тамак-аштын калдыктарын көрүүгө болот.

Чегирткеевдер бул жайда 5 жылдан бери жашашат.

Эски прокуратура терезесинен "Ала-Тоо" аянтынын көрүнүшү.

Күлгө айланган кылмыш иштер. Чала күйгөн делолор...

Өрт имаратты дээрлик жарактан чыгарган.

Имарат ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жектеген жазууларды көрүүгө болот.

Имарат сыртына банктардын бири жарнамасын чаптап келет.