“Жолдор көңүл борборунда” аттуу бир айлык башталды

Бишкек-Ош жолу.

Унаа жана байланыш министрлиги өлкө аймагында “Жолдор көңүл борборунда” аттуу бир айлык жарыялады. Өнөктүк 13-августтан 13-сентябрга чейин уланарын министрликтин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Бир айлыктын алкагында жергиликтүү бийлик жетекчилери баш болгон кызматкерлер жолдордун абалын текшерет. Жол куруу жана оңдоп-түзөө иштерине баа берилет.

Ал арада бүгүн Бишкек мэриясы ушул күндөрү калаадагы 29 көчө оңдолорун билдирди. Аны Кытайдын China Road and Bridge Corporation фирмасы ишке ашырат. Оңдоо иштерине 36 миллион доллардан ашуун каражат сарпталат. (SE)