Мальдивы аралдарында эки күн мурда табылган учактын бөлүктөрүн изилдөө үчүн үч эксперт Малайзиядан учуп келди. Алар сыныктар сырдуу жагдайда жоголуп кеткен “Боинг” учагына тиешеси бар-жоктугун аныкташат.
Мурдараак, 29-июлда Реюньон аралынан МН370 учагынын бөлүктөрү табылган. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак француз эксперттери Инди океанынын жээктеринде табылган учактын канатынын сыныктары Malaysia Airlines авиакомпаниясынын бир жыл мурда жоголуп кеткен учагыныкы экенин аныктады деп кабарлады.
Өткөн жылдын март айында Куала-Лумпурдан Пекинге багыт алган учак абага көтөрүлгөндөн бир саат өткөндөн кийин радардан көрүнбөй калган. Анда 239 жүргүнчү бараткан эле. Учак Инд океанына кулап түшкөн деп божомолдор айтылып келген.