Шайлоону чагылдырууга 204 ММК катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга 204 маалымат каражатын каттады. БШКнын билдиришинче жалпысы болуп 210 маалымат каражатынан өтүнүч түшкөн. Анын ичинен 42 телеканал, 26 радио, 142 гезит-журналдар. Булардын ичинен төрт гезитке, бир радиого жана бир телеканалга шайлоо жараяндарынын жүрүшүн чагылдырууга уруксат берилген жок.

Ошондой эле БШК 23 интернет басылма менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Анткени азырынча Кыргызстанда интернет басылмаларга массалык маалымат каражаты деген макам бериле элек. Меморандум шайлоо өнөктүгү учурунда интернет басылмалары аркылуу үгүт жүргүзүүнү каалаган саясий партияларга расмий жол менен каражат которууга, ал эми интернет басылмаларга үгүт иштерине катышып, акча табууга жана шайлоонун башка жараяндарын толук чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул тууралуу БШКнын маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык бөлүмү маалымдады. (ZKo)