Казак президенти Ысык-Көлгө келди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Тамчыдагы аэропорт аркылуу Ысык-Көлгө келди. Белгилүү болгондой, көл жээгинде казак президентинин резиденциясы бар. Аэропорттон аны мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Эртең эки лидер Чолпон-Атада жолугушуу өткөрөт. Күн тартибинде өнөр жай, жол куруу, туризм жана эки өлкөнү аралап өткөн дарыяларды пайдалануу жаатындагы кызматташтык маселелери бар экенин казак президентинин маалымат кызматы кабарлоодо. Ошондой эле 12-августта алар "Ак-Жол" чек ара бекетинде бажы көзөмөлүнүн жоюлушуна арналган иш-чарага телеконференция аркылуу катышат.