Орусияга кеткен умайлар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын төрөтканаларында адистер тартыш болуп жатканда Орусияга ооп кетип жаткан дарыгерлер четтен табылат. Өз алдынча же атайын контракттар менен кеткен жоон топ акушер-гинекологдордун алды Москва өңдүү ири шаарларда медициналык борборлорду ачып, жакшы шартта, канагаттандырарлык айлыкта иштеп жатышат. Орусияда эмгектенген кыргызстандык акушер-гинекологдорду Москвадагы кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызы кепке тартты.