Түркия күрт козголоңчуларына каршы аба соккуларын күчөттү

Түрк коопсуздук кызматкерлери. 10-август, 2015-жыл

Түрк аскерлеринин маалымдашынча, 10-августтан 11-августка чейин күрт согушкерлеринин 17 объектисине жаңы аба соккулары урулду. Түркиянын Хаккари провинциясынан урулган бул аба соккулары түрктөр менен 30 жылдан бери согушуп келе жаткан Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы багытталды.

Анкара июль айынын акырында терроризмге каршы жаңы күрөш баштаган. Ага ылайык, Сириядагы “Ислам мамлекети“ тобунун жана Ирактын түндүгүндөгү Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлерине абадан сокку урууда. Мындан тышкары, Түркиянын өзүндө да согушкерлерге каршы күрөштү күчөттү. Буга жооп кылып согушкерлер да түрк аскерлерине кол салууларды уюштурууда. Акыркы эле 10-августтагы түрк аскерлерине кол салуудан тогуз киши өлгөнү кабарланды. (ZB)