Жалал-Абад: Үч миңдей жаран идентификациялык тесттен өтпөй калды

Жалал-Абад облусунда 3 миңдей жаран идентификациялык тестирлөөдөн өтпөй калды. Облус аймагында жаңы шайлоо ыкмасы боюнча 3 күн бою жүргүзүлгөн тестке 38 миңден ашык жаран катышып, алардын 3 миңге жакыны жалпы базада жок экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Акматовдун пикиринде, айрым жарандар биометрикалык каттоодон жакында эле өткөнүнө байланыштуу алар жалпы базага киргизиле элек болушу ыктымал.

Облуста биометрикалык каттоодон өткөндөр боюнча көрсөткүч бүгүнкү күндө 63% түзүүдө.

Өкмөт 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун тазалыгын камсыз кылууга шайлоочулардын тизмесин биометрикалык каттоонун негизинде түзүү жардам берет деп ишендирүүдө. (RsK)