Донецк облусунда болгон акыркы кагылышууларда украиналык бир солдат курман болду, 9 аскер жараат алды.
Украина куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Владислав Селезнов Старогнатовка шаары аскерлердин ээлигинде экенин билдирди. Старогнатовка – жикчилдердин колундагы Донецк менен өкмөттүн ээлигиндеги Мариуполь шаарларынын ортосунда жайгашкан. Өткөн түнү 10 танк коштогон 400 козголоңчу украин аскерлеринин жабыттарына чабуул жасап, олуттуу жоготууларга учурады, деп билдирди президент Порошенконун өкүлү Андрей Лысенко.
Жикчил Донецк Элдик Республикасынын коргоо министри Эдурад Басурин болсо анын армиясы 10-августта Старогнатовкада украин аскерлеринин чабуулун токтотконун, душмандын эки танкы, бир БМПсы жок кылынганын маалымдады.