Жалал-Абаддын жапайы алмасы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад шаарынан 70 чакырым алыс жайгашкан тоо койнундагы Ооган-Талаа айылынын эли быйыл токойдо өскөн жапайы алманы жапа-тырмак терип кургатып жатышат. Жылдагыдай акча болчу жаңгакты быйыл суук уруп, мал жандыкка баа кыйла түшүп кеткен. Базар-Коргондун четки айылдарына кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов барып келди.