ЕККУнун тынчтык миссиясы кырдаалды айыптаган билдирүү таратты. Брондуу техникалар ЕККУнун Украинаны атайын мониторингге алган миссиясына таандык болчу.
"Жекшембиге караган түнү унаалар өрттөлгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, техникалар атайын өрттөлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Окуя эл аралык уюмдун кызматкерлери жашаган жерде болду.
ЕККУнун кызматерлери Минск келишимдин аткарылышы боюнча байкоо салып, Украинадагы абалды турукташтырууга салым кошуп келишет. (SDz)