Элмирбек: көкүрөктү уялаган бир бук бар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бүгүн отуздан ооп, кырк жашка чукулдап калган маалы. Ырчы бул аралыкта бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болду. Ал “Жан дүйнө” рубрикасында “Азаттыктын” угармандарына чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.