Кыргыз балбандары Иранда ийгиликке жетишүүдө

Тегеран шаарында өтүп жаткан "Алыш" белбоо күрөшү боюнча VI Азия чемпиондугунун биринчи мелдеш күнүндө кыргыз балбандары бир алтын, бир күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" спорттун аталган түрү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди.

6-августта эркектер арасында алты салмакта байгелер ойнотулуп, Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду.

70 килограммга чейинки салмак категориясында Мырзабек Кочкоров алтын, 100 килограммдан ашуун салмактагы Кубанычбек Көкүмов күмүш медаль алышты. Коло байгелерди 60 килограммга чейинки Искендер Өскөнбаев, 80 килограммга чейинки Эсенбек Кудайбергенов жана 100 килограммга чейинки Кадыр Келсинбеков жеңип, эркектер арасында кыргыз курамасы командалык эсепте 2-орунду ээлешти. 1-орунга Иран, 3-орунга Түркмөнстан курама командалары чыгышты.

7-августта мелдештин акыркы күнүндө кыз-келиндер күрөшөт. Байге үчүн Кыргызстандан Мадина Надирова, Мээрим Момунова, Абдиманап кызы Бүбүсара, Назира Азизбекова жана Нагира Сарбашова чыгат. Азия чемпиондугуна 11 мамлекеттен 130 балбан катышууда. (ECh)