Польшанын жаңы шайланган президенти Анжей Дуданын кызматка киришүү аземи Варшавада 6-августта өттү. Жаңы мамлекет башчы ант берүү аземинде мамлекетте коргоо күчөтүлүп, коопсуздукка көңүл буруларын, НАТОго берилген кепилдик кеңейтилерин белгиледи.
Польшада президенттик шайлоо быйыл 24-майда өткөн. Анда Анжей Дуда 52%, атаандашы, мурунку президент Бронислав Коморовски 48% добуш алган.(SE)