Бишкекте жол кыймылын тескөө талабы менен жүрүш болот

Жол кайгуул кызматын реформалоого чакырган акцияны “Мен таза шаар үчүн” демилгелүү тобу уюштурууда. Активисттер бүгүн Жогорку Кеңештин алдынан Ички иштер министрлигине чейин жүрүшкө чыгат.

Алар калаада жол кыймылын тескөө талапка жооп бербей жатканын, адам өмүрүн алган, ден соолукка зыян келтирген кырсыктар соңку күндөрү көбөйүп баратканын белгилешип, буга Жол кайгуул кызматы жетишерлик көңүл бурушу зарылдыгын эскертишет. Демилгелүү топ бийлик жолдордогу коопсуздукка кепил болуп беришин талап кылат.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл алты айда 3011 жол кырсыгы катталып, 424 киши каза тапкан. 4387 адам ар кандай жараат алган. (SE)