Интернетте чет өлкөдө жашап жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаровго айрым эмгек мигранттарынан 20 доллардан чогултуу демилгеси чыгууда.
Демилгечилер Кыргызстанга көз карандысыз жетекчи катары Садыр Жапаров тандалганын ырасташып, анын президенттик шайлоо фондуна мигранттардан 20 млн. доллар акча жыйноо демилгесин көтөрүшүп, акча которулчу банк эсебин, байланыш номурларын көрсөтүшкөн.
Садыр Жапаров интернеттеги акциядан кабардар экенин ырастап, ага ушундай өтүнүч менен Москвадан мигранттар кайрылганын, алар менен жолугушуп, жаңы демилгени жактырганын билдирди.
Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго 2012-жылы мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниетинде өкмөт үйүн басып алууга аракеттенишкени үчүн айып коюлуп, 1 жыл 5 айга кесилген. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн көп өтпөй Садыр Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткен. (МТо)