ИМ тобунун союздаштары Хорватия жаранын өлтүрүүнү көздөп жатат

Египетте “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар топтун мүчөлөрү эгер бийлик алдыдагы эки сутка ичинде камакка алынган мусулман аялдарды бошотпосо, алар барымтага алган Хорватиянын жаранын өлтүрөрүн айтып коркутууда. 5-август күнү “Синай жарым аралынын тобу” тарабынан жарыяланган тасмада кызгылт кийимде тизелеп отурган киши аты-жөнүн Томислав Салопек деп атаган. Анын жанында бычак кармаган, бети-башы чүмкөлгөн согушкер турат.

Жоочулардын колундагы хорватиялык жаран француздардын CGG деп аталган энергетикалык компаниясынын кызматкери. Аны 22-июлда барымтага алышкан.

Салопек Египетте исламчыл согушкерлер тарабынан уурдалган алгачкы чет элдик жаран. Аны уурдаган топ мурда “Ансар бейт ал-Макдис” деп аталган. 2014-жылдын ноябрында анын мүчөлөрү “Ислам мамлекети” уюмуна кошулууга ант берип, топтун атын өзгөртүшкөн.

Согушкерлер буга чейин АКШнын, Британиянын жана Жапониянын жарандарын барымтага алып, мууздап салган. (SE)