Мындай маалыматты “Азаттыкка” вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди. Анын ырасташынча, чек ара жанына чогулган эл таратылды.
“Тажик тараптан көчөдө турган адамдар байкалбайт. Кыргызстанда айыл арасында 50дөй адам турат деп атышат, бирок ал жердеги тартип сакчылары чек арага эч кимди жакындатпай турушат. Бүгүн октон жана таштан жаракат алгандар эки тараптан тең болгон жок. Кыргыз чек арачылары ок аткан жок. Азыр кырдаал көзөмөлдө”, деди А. Маматалиев.
Ал эми жергиликтүү тургундардын ырасташынча, бүгүн түшкү саат бирлер чамасында Май аймагына кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, бири-бирине таш ыргыта башташкан. Натыйжада үч кыргызстандык жаракат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, тажик тараптан жаракат алгандар тууралуу кабар жок.
Чек ара кызматы ок Тажикстан аймагынан атылганын маалымдады. Кыргыз тараптан октон жабыркагандар жок. Кыргызстандын Чек ара кызматы курал колдонбогонун билдирди. (МТо)