Ошто телевизор чыгарыла баштады

"Жинмей" кыргыз-кытай биргелешкен ишканасынын жетекчиси Ле Доңдун айтымында, учурда телевизорлордун мамлекеттик талаптарга ылайыктуулугу текшерүүгө жиберилгени турат.

Ошто чыккан телевизорлордун сапаты кыргыз эксперттерин канааттандырса, завод күн сайын жүз даанадан сыналгы чыгарып турмакчы.

"Жинмей" заводу кошуна мамлекеттерди негизги кардар деп эсептейт. Аталган завод былтыртан бери иштеп жатат. 

Бул арада завод чыгарган 5 миң даана кир жуугуч машине Өзбекстанга сатылган.