Жайлоодо өткөн фестиваль
Соң-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн бул фестивалда “Манас” айтуу, улуттук бий таймашы "Соң-Көл периси" деген аталыштагы сулуулар сынагы жана кыз-жигит сармердени уюштурулду.
Мындай фестиваль Соң-Көлдө үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат
Шиңжандын Кызыл-Суу облусунан келген кытай кыргыздары фестивалга конок катары катышты.
Фестивалга келген конокторду тосуу үчүн Ак-Талаа районундагы ар бир айыл өкмөт кызматкерлерине боз үй тигүү жана тамак-аш менен камсыз кылуу милдети моюндарына жүктөлгөн.