Панфилов багында өрт чыкты

Панфилов багындагы ижарага берилген бөлмөлөрдүн биринде өрт тутанганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова билдирди. Маалым болгондой, өрт өчүрүүчүлөр кечки саат 22:39да барып, өрт эки саатта толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келген жок. Маалым болгондой
өрт чыккан бөлмөдө виртуалдык оюндар ойнотулчу. Учурда өрт эмнеден тутанганы иликтенүүдө. (SDz)