Ысык-Көл: адал пляж


Корумду айылындагы адал стандарттагы кичи пансионат. Эс алуу жайы быйыл жаңы ачылып, туристтерди кабыл ала баштады. Бирок пансионат ээлери учурда толук кандуу адал стандарттарын колдоно электигин айтышууда.

Бостери айылындагы Ихлас эс алуу жайынын пляжы. Эс алуу жайынын ээлери жээкти экиге бөлүп, үч-төрт жылдан бери акы төлөөнүн негизинде эс алуучуларды кабыл алып жатышат.

Адал пансионаттарга суроо-талап азырынча аз. Мусулмандар пляжынан 5-6 кишини гана көрүүгө болот.
Ихлас эс алуу борборунун курулушу жүрүп жатат. Келечекте 200-300 киши бата тургандай пансионат куруу пландалууда.
Эреже сактабаган эс алуучулар пляждан чыгарылат. Коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөгөн кароолчулар иштешет.
Пляждын аялдар бөлүгү чөп-чардан тазаланып, жээк тегерете тосулуп, эс алуучуларды кабыл алууга даярдалып жатат.