Ысык-Көлдө жоголгон литвалыктар табылды

29-июль түнү Кеңсаң капчыгайында Чоң-Өзөн-Батыш мөңгү тилкесинде таш кулап, Литванын 28 жаштагы жараны каза болгон. Ал Каракол – Көл-Төр – Алтын-Арашан туристтик багыты боюнча жолго чыккан литвалык 8 туристтин бири экени аныкталып, ошол эле күнү калган туристтерди издөө боюнча куткаруу тобу түзүлгөн.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кризистик борбордун жетекчисинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди. Маалыматка караганда, бул туристтер «Альптур - Ысык-Көл» турфирмасы аркылуу катталышкан. (ZKo)