Күрт лидери Анкаранын Сирияда “коопсуздук зонасын” түзүү планын сындады

ЭДПнын теңтөрагасы Селахиттин Демирташ Түркия парламентине кайрылууда. Анкара, 28-июль 2015

Түркия жана АКШ Сириянын түндүгүндө түзүп жаткан “коопсуздук зонасы” - Анкаранын күрттөргө өз территориясын аныктоого жол бербөө аракетин жышааналайт, -деди Түркиянын күртчүл Элдик-демократтык партиясынын тең төрагасы Селахиттин Демирташ.

Түркиянын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерине каршы операциясы жана 110 чакырымдык буфердик зона түзүүсү түпкүлүгүндө Күрдстан жумушчу партиясы - ПККнын согушкерлерине багытталганын ал Би-Би-Си маалымат кызматына айтты. Вашингтон ПККны террордук уюм деп тааныган. Бирок Ирак жана Сириядагы күрт күчтөрүн даиштерге каршы согушуу үчүн курал-жарак берип колдоодо.