БУУ Каддафинин жакындарына чыгарылган өлүм жазасына кабатыр

Бул тууралуу уюм тараткан билдирүүдө айтылат.

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Сейф ал-Исламды кечээ Триполи шаарынын соту өлүм жазасына буйруду. Ал-Ислам 2011-жылдан бери азыркы өкмөттү колдобогон Зинтан шаарындагы козголоңчулардын колунда болгондуктан сот өкүмү ага сыртынан чыгарылды.

Ошондой эле өлүм жазасына Каддафинин тушундагы чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Абдулла ал-Саннуси жана экс-премьер-министр Багдади ал-Махмуди да тартылды. Алар менен кошо дагы алты адамга ушундай сот чечими чыкты.

Бириккен улуттар уюму жана укук коргоочулар сот акыйкат өткөн жок деп сындашууда.