АКШ менен Түркия “Ислам мамлекети” экстремисттик кыймылынан коргонуу үчүн Түркия менен Сириянын чек арасында “коопсуз зонаны” түзүү тууралуу макулдашты. Бул аймак “Ислам мамлекетине” кошулуу үчүн кетип жаткандардын жолун бууп, Сириядан чыккан эки миллионго жакын качкынды коргоочу кызматты аткарат.
Аталган зонада жайгашчу АКШнын аскерлери жана Түркиянын коргоо күчтөрү түрк-сирия чек арасындагы 68 чакырым аралыктан “Ислам мамлекети” кыймылынын согушкерлерин толук сүрүп чыгарат.
Барак Обаманын администрациясынан 27-июлда кабарлашкандай, АКШ-Түркия бийликтеринин келишими толук бүтө элек.
Түрк аскер авиациясы өткөн жума күнү Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун жана Ирактын түндүгүндөгү Күрдстан жумушчу партиясынын позицияларына чабуул жасаган. Абадан сокку күрддөрдүн жети лагерине жана партиянын аскер жетекчилиги отурукташкан Кандиль районуна урулду. Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу Түркия мындай чабуулдарды улантарын билдирген. (ErN)