Түркия-Иран газ куурун күрддөр жардырганы болжолдонууда

Түркиянын энергетика министри Танер Йылдыз Түркия менен Ирандын ортосундагы газ куурларынын түштүк-чыгыш аймактагы бөлүгүнө чабуул болгонун кабарлады. Иран менен чек аралаш аймактын 15 чакырымында, Агри провинциясында жайгашкан түтүктү күрд козголоңчулары жардырган болушу мүмкүн деп жоромолдонууда.

Түркиянын мамлекеттик “Ботас” көгүлтүр отун компаниясы “28-июлда жардырылган куур оңдолгонун, бирок газ качан берилээрин белгисиз экенин” билдирди.

2600 км газ кууру Ирандын Тебриз аймагы менен Түркиянын Анкара шаарына чейин уланган. Буга чейин бул түтүктөрдү Күрдстан жумушчу партия бир нече жолу жардырган болчу.

Күрдстан жумушчу партиясы болсо Түркиянын авиасоккуларынан кийин алардын чабуулдары өткөн аптада эле токтогонун билдирди.

Түркиянын аскерий учактары Сирия менен чек араны өтпөй туруп эле "Ислам мамлекети" радикал тобуна тиешелүү делген төрт объектке 24-июлда сокку урган. Түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, өткөн жума күндөн берки чабуулдардан Сирияда жана Иракта 37 согушкер жок кылынды. Ал арада Түркиянын өзүндө да коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (ErN)