Обама: “ал-Шахааб” сыяктуу террорчул топтор токтотулуш керек

Солдаттар Могадишодогу Бакара базарынын жанындагы май куйчу станцияда болгон жардырууга көз салышууда. Февраль 2015. REUTERS/Ismail Taxta (SOMALIA - Tags: MILIT

Cомалинин борборун аёосуз бомбалоо “ал-Шахааб” сыяктуу террорчул топтор токтотулушу керек экенин эске салат. Бул жөнүндө АКШ президенти Барак Обама Эфиопиянын өкмөт башчысы Хайлемариам Десален менен Адис-Абебада 27-июлда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

“Ал-Шахаабга” окшош Эфиопияга да олуттуу коркунуч туудурган топторго АКШ жана башка өлкөлөр кысым жасашы керек",-деди Обама.

Эфиопия терроризмге каршы согушта чалгындоо маалыматтарын бөлүшүп жана Сомалидеги кырдаалды жөндөөгө аскерин жөнөтүп, АКШга өнөктөш болгон. 26-июлда Могадишодогу мейманканада кубаттуу бомба жарылганда 15 киши өлгөн.