Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Алардын 80ге жакыны аялдар. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды Сирияга жөнөтүү менен шугулданган кылмыштуу топтун бети ачылганын билдирген.
Ыкчам иштердин арты менен 9-июлда Сирияга кетүү үчүн Ош аэропортунан Түркияга учканы жаткан жана аларды коштоп барган жети адам кармалган.
Байкоочулар айрыкча Сирияга азгырылгандар арасында аялдар көбөйүп баратканына тынчсызданып жатат. Күч органдары Сирияга кеткен кыз-келиндер негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарышарын, ал турмушка чыккан согушкер өлсө башкасына баш кошуп, колдон колго өткөн фактылар бар экенин билдирип келет. (AzK)