Ак-Талаада атылбай калган замбиректин огу табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда Жээнтай участогунда мал кайтарып жүргөн Бекбоосун аттуу жаран Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 80-чакырымында (Кара-Коо ашуусу) атылбай калган замбиректин огун таап алган. Окту бүгүн Чүй облусунун Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн инженердик-сапердук кызматынын адистери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери зыянсыздандырды. Кара-Коо ашуусундагы малчыларга жана алардын мал-жандыктарына зыяны тийген жок. (AzK)