Гепатиттен жылына 1,4 миллион киши көз жумат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жылына дүйнө жүзүндө гепатиттин С жана В формасынан 1,4 миллион киши каза табат. Аталган уюм дүйнө өлкөлөрүн бул ооруга каршы күрөшүүнүн эффективдүү жолун табууга чакырды.

Эки миллиондон ашуун кишиге гепатит медициналык ийне аркылуу жана тиш дарылатуу учурунда жугат. Гепатитти азайтуу үчүн балдарды массалык эмдөө сунушу киргизилүүдө. Себеби бул дарттан жылына 780 миң жаш бала чарчап калып жатат. Кыргызстанда да акыркы мезгилде гепатиттин бардык түрү көбөйүп жатканы айтылып келет. (BCh)