Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 25-27-июль күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көнөктөп жаан жаашы күтүлүүдө. Бул абал өлкөнүн тоолуу жана тоо этектеринде жайгашкан аймактарында сел жүрүү коркунучун пайда кылат.
Мындан тышкары Чүй жана Ысык-Көл облустарында суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Ушул күндөрү кооптуу делген аймактарда суунун жээктерин бекемдөө чаралары көрүлүп жатат. (AzK)