24-июлда Бишкек шаарынын түштүгүндөгү Чоң-Арык мазарында Өзгөрүш Орозбеков жайга берилди. Маркум Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун (1889-1938) уулу.
87 жаштагы карыя өткөн түнү көз жумган. Өзгөрүш Орозбеков 1938-жылы атасы “эл душманы” деп караланып, атылып кеткенден кийин апасы жана эки бир тууганы менен Фрунзеден кетишип, азыркы Кадамжай районундагы Охна кыштагына из суутуп жүргөнгө аргасыз болушат. Ал бир туугандары менен Охнада туугандарынын үйүндө жүрүп, орто мектепти бүтөт. 1956-жылы Абдыкадыр Орозбеков акталгандан кийин Бишкекке келип, өкмөт берген батирде жашап калган. Коомдук турмушка активдүү аралашкан эмес.