Аба ырайы: жамгыр жаайт

25-июлда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32;

Суусамырда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Нарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17.

25-июлда Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн 21…23 градус жылуу, күндүз 34…36 градус ысык болушу күтүлөт. (КЕ)