Жерге окшош жаңы планета табылды

НАСА тапкан жаңы табылга.

АКШнын космостук агенттиги - НАСАнын окумуштуулары "Келлер" деген күчтүү телескоп менн Жерге окшош жаңы планета тапканын жарыялашты. Ага Кеплер-4526 деген ат берген илимпоздор бул планета Жерге 60 пайыздай окшош экенин айтышты. Бул планета да жылдыздарды айланып, Күндөн дал Жердей аралыкта жайгашкан.

Калифорниядагы SETI институтунун окумуштуулары Кеплер-4526 планетасында өмүр сүрүүгө мүмкүн болгон суюктук болушу ыктымалдыгын болжоодо.