Бозумчак кенин иштеткен “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жайыл Дадиев "Азаттыкка" курган маегинде жол тосуп, митингге чыккандардын талабын аткаруу мүмкүн эмес экенин жана тургундарды кимдир бирөө үгүттөп жатканын билдирди.
“Жергиликтүүлөрдүн 70% иштесин деген келишим жок, биз башында 30% гана деп түзгөнбүз. Учурда ага карабай кен казган компанияда жергиликтүү калктын 46% иш менен камсыз болгон. Анын 97% кыргыздар түзөт”, - деди Дадиев.
“Казакмыс Голд Кыргызстан” 2007-жылдан баштап Ала-Бука районундагы Бозумчак кен байлыктарын иштетүү боюнча 260,4 гектар жер аянтына өкмөт менен 19 жылдык мөөнөткө келишим түзгөн. Учурда кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта 630 адам иштейт.
Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Серек айылынын тургундары Ала-Бука - Көк-Таш жолун буушкан. Алар аталган ишкана элдин талабын аткарбай жатканын ырасташууда. (RsK)