Кара-Сууда мурдагы бала бакчанын жери айыл өкмөткө кайтарылды

Райондогу Отуз-Адыр айылында жеке ишкер Акылбек Мазарипов өзү сатып алган 70 сотых жерди бала бакча куруу үчүн айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берди. Акылбек Мазариповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул жерде Советтер Союзунун тушунда 140 орундуу бала бакча турчу. 2003-жылы ал менчикке чыгарылып, имараты толугу менен бузулган. Ишкер аны мурдагы ээсинен 2011-жылы сатып алган. Айылда бала бакча жетишсиздигинен улам Акылбек Мазарипов жерди кайра эле бала бакча куруу үчүн айыл өкмөттүн балансына кайтарып бермекчи. Ишкердин айтымында, ал эч кандай партиянын мүчөсү эмес, бул кадамында күзүндөгү парламенттик шайлоонун да тиешеси жок:

- Мен карындаштарым менен чогуу ошол бала бакчада тарбиялангам. Азыр да айылда балдар көп, бала бакча жетишсиз. Ошондуктан айыл өкмөт ал жерге мамлекеттин жардамы, же айылдаштардын “ашар” ыкмасы, же акчалуу демөөрчүлөрдүн көмөгү менен биздин айылдын балдары үчүн бала бакча куруп берсе жакшы болмок.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 927 бала бакчада 135 миң наристе тарбияланат. Жалпысынан өлкө боюнча 2-7 жаш курактагы 700дөн ашуун бала болсо, алардын 17 пайызы гана бала бакчага барат.(ZKo)