Help Age International уюму Кыргызстандагы кары адамдардын укуктары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү жакшы тамактанбай турганын айтышкан. Ошондой эле 13 пайызы кийимдери өз убагында алмаштырылбай, жуунтпай, керек болгон дары-дармек, буюмдарды сатып бербей, жакшы каралбай жатканын билдиришкен.
Мындан сырткары 8 пайызы кошуна, тууган-урук, тааныштары менен сүйлөшүү укугунан ажыраганын, пенсияларын тартып алышарын айтышкан. 1% сексуалдык зомбулукка туш болушкан.
Учурда Кыргызстанда 579 миңдей пенсионер бар. Социалдык өнүгүү министрлигинин буга чейин билдиргени боюнча, Кыргызстандагы улгайган кишилердин 92 пайызы жакырчылыкта жашайт. (КЕ)