Бишкекте “Сезим” кризистик борборунун жаңы бөлүмү ачылды

Бөлүмдүн ачылышына социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев катышты. Министр өз сөзүндө “Сезим” кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын укугун коргоодо мамлекеттин мыкты өнөктөшү болуп келатканын белгилеп, өкмөт тарабынан да ушундай реабилитациялык борборлорду ачуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

Аялдардын укугун коргоочу “Сезим” кризистик борбору Кыргызстанда 20 жылга чукул убактан бери иштеп келет. Анда негизинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга убактылуу башпаанек, укуктук жардамдар көрсөтүлөт. Ошондой эле аталган борбор акыркы жылдары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жаатында да иш алып барууда.(ZKo)