Атамбаев менен Сариев кышка даярдыкты талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Темир Сариев менен кышка даярдык маселесин талкуулады. Өкмөт башчы энергетика тармагын, газ, транспорттук инфраструктураны оңдоо, отун даярдоо багытында жасалып жаткан иштер, Токтогул суу сактагычына суу топтоо туурасында маалымат берди.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи блогунун курулушун аяктоого Европа банкынан 100 млн. доллар насыя алынары айтылды. Мамлекет башчы Атамбаев аталган ГЭСтин экинчи агрегатын курууга даярдык көрүү иштерин баштоого тапшырма берди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)