Күндүн кескин ысыганына байланыштуу Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, Арашан айылында жайгашкан “Электрик” участогунда ички чарбалык жолдорду суу каптады. Алты жайкы үйдү суу каптоо коркунучу пайда болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда кырсыкты алдын алуу иштери жүрүүдө. Министр Кубатбек Боронов ыкчам топ менен бирге суу каптаган аймакка барып, кырсыкты алдын алуу иштерине жетекчилик кылды.
ӨКМ тарабынан жүктөгүч, самосвал “ХОВО”, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары, райондук суу чарба башкармалыгынан бир экскаватор, Арашан айыл аймагынан экскаватор жана ЗИЛ унаасы тартылып, суудан коргоо дамбасын куруу иштери жүргүзүлүүдө. (КЕ/ZA)