УОК президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылды

Улуттук оппозициялык кыймылдын 21-июлда тараткан билдирүүсүндө президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турган беш жыл ичинде соттор Президенттик аппараттан толук көз каранды болуп калганын Нариман Түлеевдин иши боюнча Данияр Нарымбаевдин кызматтан кетүүсү айгинелеп койгону айтылат.

Билдирүү ээлери буга түздөн-түз далил катары Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын маалымат каражаттарына курган маегинде Жогорку Соттун төрага орун басары Канат Турганбеков Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин буйругусуз соттук чечимди өзгөртө албасын, маселе Ак үйдүн көзөмөлүндө экенин жана маселени Нарымбаев менен чечүүнү сунуштаганын айтып чыкканын көрсөтүшүүдө. Оппозиция Нарымбаев Түлеевдердин мүлктүк ишин оӊ чечип берүү үчүн депутат Хажимурат Коркмазов аркылуу 350 миӊ доллар пара талап кылганын белгилөө менен бул окуя Кыргызстандагы сот бийлиги толук коррупциялашканын, сотторду президенттин эӊ жакын кишилери көзөмөлдөп турарын далилдеп турат деп эсептешет.

Билдирүүдө президент Атамбаев менен Президенттик аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун ар-намысын коргоо максатында соттор журналисттерден миллиондогон сом төлөө тууралуу чыгарган чечимдери тууралуу да сөз болуп, "бул да соттордун бийликке түздөн-түз баш иерин далилдеп турат" деп белгиленген.

Улуттук оппозициялык кыймыл Данияр Нарымбаевди чукул арада камака алууну да талап кылууда. (ZKo)