Баткен районунун алыскы Зардалы айылы 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирген учурда коомчулука кеӊири таанымал болгон. Жоочулар бир ай бою бул айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат.