Көпүрөнүн алгачкы долбоору 31 млн. сомго сызылган. Анын сметалык баасы 597 млн. сом деп эсептелген.
Учурда көпүрөнүн эстакадалык бөлүгүнүн узундугу 265 метр, туурасы 24 метр болуп курулууда.
Көпүрө курулушу бүткөндөн кийин анын алдында пайда болгон 5 гектардай бош аянт кызуу талашка түшчүдөй. Анткени ал жерлер шаардын борбору болгондуктан көп кирешелүү жай болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кайра даярдалган долбоордун баасы 3 млн. сом болсо, анын курулуш чыгымы 354 млн. сом деп эсептелген.
Алгач "кылымдын курулушу" деп аталып, бир катар чыр-чытактар менен башталган Оштогу эстакада көпүрөсүнүн курулушу быйыл ноябрда бүтүш керек.