Тоолуу Бадахшанда сел жана жер көчкүдөн 7 жаран апаат болду

Тоолуу Бадахшан автоном облусу. Суу ташкында жабыркаган Шугнан районунун эли үчүн курулган чатырлар. 19-июль 2015

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан регионунда жер көчкү жана сел акыркы күндөрү жети адамдын өмүрүн алды. Автономиялык облустун өкүлү Нилуфар Асламшоеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, ээриген мөңгүлөр жараткан жер көчкү жана сел Ванч районунда 70 чакты үйдү кыйратып, электр линияларын жана каналдарды иштен да чыгарды. Эки электр станция токтотулду. Үй-жайсыз калган жарандар убактылуу чатырларга жайгаштырылды.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын айтымында, табигый кырсык 50 миллион долларга чыгым келтирди.