Күч органдарынын куралдуу топту кармоо операциясына байланыштуу Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургундары жана каза болгондордун жакындары президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Темир Сариевге кайрылуу жолдошту. Алар окуя боюнча өз пикирлерин айта албасын белгилешип, каза болгон туугандарынын сөөгүн берүүнү суранышкан.
16-июлда Бишкектеги Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет булар “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп билдирген.
Операция учурунда каза болгондордун ичинде Тариэл Жумагулов да бар. Ал кылмыш дүйнөсүндө “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү болчу. Президентке жолдонгон кайрылууга Жумагуловдун энеси, бир туугандары кол койгон. (КЕ)