Бүгүн Грециядагы банктардын иши жанданат

Каржылык каатчылыкка байланыштуу үч аптага жабылган банктар бүгүн кайрадан ишин баштайт. Узун кезектер болушу күтүлүүдө, мурдагыдай эле накталай акча берүү чектелип, бир аптада 420 евро гана алууга уруксат берилди.

Жекшембиде Германиянын канцлери Ангела Меркел Грециянын карызын төлөө шарттарында өзгөрүүлөр болушу ыктымалдыгын билдирген. Немис радиосу – ARDге курган маегинде Меркел Афиныга берилүүчү каржылык жардамдын алгачкы пакети тууралуу талкуу ийгиликтүү өтсө, насыялардын үстөктөрүн азайтуу жана карызды төлөө мөөнөтүн узартуу маселесин кароого болорун айткан.

17-июлда Евроаймактын лидерлери Грецияга 86 млрд. евролук жардам берүү тууралуу үч жылдык план боюнча алдын ала келишим түзүшкөн.