Бул тууралуу "Азаттыкка" Зардалы айылынын тургуну Жакып Сүйүнов билдирди. Анын айтымында, Зардалы айылынан Шудман ашуусуна карай беш чакырымдан ашык жол жергиликтүүлөрдүн өз демилгеси менен курулуп, мөңгү астынан чыккан ысык сууну атайын куур менен автоунаа жолу бүткөн жерге чейин тартып келүү иши жүрүп жатат.
"Бул аймакка келип эс алып, ысык сууга түшүүнү каалагандар арбын, бирок жол каттамы, электр энергиясы менен телефон байланышы жоктугунан туристтер келбей жатат" деди Сүйүнов.
Мындан мурдараак кен изилдөө ниети менен австралиялык компания Зардалы айылына жол куруу ишин баштап, бирок токтоп калган болчу. Айылга 12 чакырымдай электр линиясы тартылууга тийиш.
Зардалы Баткендеги Тажикстан менен чектешкен, эң алыскы, тоолуу айылдарынын бири. 1999-жылы Баткенди баскан террористтер дал ушул аймактан киришкен. (JsA)