Бишкекте согушкерлерге каршы эки жерде атайын операция өттү

“Азаттык” радиосуна маалым болгондой, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Бишкектин эки жеринде эл аралык террордук топтун өкүлдөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, анын жүрүшүндө төрт согушкер жок кылынды. Канча киши кармалганы азырынча айтыла элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы бул операцияларды алдын ала даярдаган. Согушкерлердин жакында эле Бишкекте өзүн өзү жардырып жиберген, мурда абактан качып чыккан казак жаранына байланышы бар. Июнь айынын соңунда Бишкекте жатак абактан эки казакстандык качып чыккан. 1-июлга караган түнү алардын бирин кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, акыры өзүн граната менен жардырып жиберген. Экинчи киши издөөдө болчу. (EzK)