Бүгүнкү иш күнү эки саатка кыска болот

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 16-17-июлда аба ырайы кескин көтөрүлүп, ачык күн алдында 45 градуска чейин чыгышы ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишти.

Чектен ашкан ысыктан улам премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 16-июлда иш күнүн эки саатка кыскартуу тууралуу буйрукка кол койду.

Мурдарак, гидромет 12-16-июлда чектен тыш ысык болорун кабарлап, күндүзгү эң жогорку аба ырайы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Баткендин дыйканчылык аймактарында 36дан 41 градуска чейин көтөрүлөрүн маалымдаган.

Мындан улам ысык өткөрүп, денени күйгүзүп албоо үчүн ачык күнгө чыкпай туруу кеңешин беришүүдө. Ошондой эле өсүмдүктөрдү кенен сугаруу сунушталат. (МТо)